• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын эл артисти Жамал Сейдакматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Актриса 2021-жылдын 16-февралында 82 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү.

Улуу талант менен коштошууга депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле достору жана кесиптештери келди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыкпай эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди. Кыргыз сахнасында Катаринанын, Дездемонанын, Найман эненин, Кишимжандын жана башка каармандардын мыкты образдарын жараткан.

«Кыргыз керемети» деп аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. 1958-жылы «Алыскы тоолордо» көркөм тасмасына тартылган. Андан соң «Ташка баткан элестер» көркөм тасмасында Жамалдын, «Өрүкзаардагы баян» көркөм тасмасында Зууранын, «Ак илбирстин тукуму» көркөм тасмасында Бегайымдын, «Курманжан датка» көркөм тасмасында Курманжан датканын жана башка көркөм тасмаларда бир катар ролдорду өтө жогорку деӊгээлде аткарган. Актрисанын кайталангыс талантына чет элдик режиссерлор да жогору баасын берип, ал «Мосфильм», «Өзбекфильм», «Казакфильм» киностудиялары тарткан бир нече фильмдерге тартылган.

1989-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке менчик «Туңгуч» театрын ачкан. Театр өнөрүндө бурулуш жасап, жаңы ыкмалар менен дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты спектаклдерди коюп, Колумбия, Улуу Британия, Германия, Иран, Египет, Кытай, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттериндеги эл аралык фестивалдарга катышып, бир нече баш байгелерди багындырган.

2016-жылы Лондон шаарындагы эл аралык театр фестивалында Жамал Сейдакматовага «Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы» номинациясы берилген.

Залкар актрисанын эмгеги жогору бааланып, 1976-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамына татыктуу болгон.

1986-жылы Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасында Каныкейдин образын эң мыкты жараткандыгы үчүн Токтогул атындагы сыйлык ыйгарылган. 2003-жылы III даражадагы «Манас» ордени, 2019-жылы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Алтын медалын алган.

Пикир

Оставить комментарий