• 79.5
  • 84.64
  • 1.3

Эл артисттери Марат Алышпаев жана Нурканбек Турсунбаев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунан сыйлык алды

Маданият 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Алышпаев түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы үчүн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун "Абай" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан билдиришти.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурканбек Турсунбаев түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы үчүн "Низами" медалы менен сыйланды.

Сыйлыкты ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Дүйсен Касеиновдун атынан кыргыз эл акыны, ТҮРКСОЙ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий