• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эл өкүлдөрү аткаруу бийлигинин көңүлүн аймактардагы көйгөй жаратып жаткан маселелерге бурду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында эне тил, адам укуктарынын бузулушу жаатында маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну Бекмуратов сымап комбинатында иштеп жатып электр тогуна урунуп, 2-топтогу майып болуп калгандыгын маалымдап, бирок комбинат тарабынан бул жаранга тиешелүү компенсация төлөнбөй жатканын аткаруу бийлигине жолдоду. Мындан сырткары, депутат Жалал-Абад облусунда Президенттин шайлоо жүрүшүндө талапкер Бакыт Төрөбаевге каршы административдик ресурс колдонуу болуп жатканын айтты.

Депутат Умбеталы Кадыралиев: “Жалал-Абад облусунун Аксы районунун аткаминерлери Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылыктагы депутаттарга ар кандай көйгөйлөр менен кайрылууга болбойт дешет экен. Бул эмне деген көрүнүш”,- деп КР Өкмөтүнүн өкүлүнө кайрылды.

“Кандай гана мамлекет болбосун, ал тили менен улуу”,- деген депутат Рыскелди Момбеков мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жумшалган 142 млн сомго эмне иштер аткарылганы белгисиз деп баа берди. Анын пикиринде, бул каражаттардын кайсы багыттарга жумшалганын аныктап чыкмайын, келерки жылдын бюджетинен каражат карабоо керек.

Депутат Наталья Никитенко кесиптештери Өмүрбек Текебаевге, Аида Саляновага карата болуп жаткан соттук териштирүүлөрдө адам укуктарынын, КР Эмгек, Үй-бүлө кодекстери бузулуп жаткандыгын көтөрүп чыкты.

Нарын ГЭС каскаддарын курууга тандалып алынган Чехиянын “Liglass Trading CZ” компаниясынын ГЭС куруу жаатында эч кандай тажырыйбасы жоктугун айткан депутат Жанарбек Акаев КР Өкмөтү аталган компанияга адвокат болуп жатканын сынга алды.

Депутат Алтынай Өмүрбекова Юридикалык академиянын бир мугалими Президенттикке талапкер С.Жээнбековго үгүттөп жаткан жагдай боюнча маалымат бар экенин айтып, административдик ресурстарды колдонууну токтотуу керектигин баса белгиледи. А.Өмүрбекова Мамлекеттик каттоо кызматы менен Борбордук шайлоо комиссиясын жарандардын биометрикалык базасынын жана бюллетендердин корголушу боюнча уюштуруу иштери жаатында маалымат угуп коюуну сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий