• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эл өкүлдөрү Өкмөткө жол кырсыгын, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жолдорун сунушташты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында жол кырсыктарын азайтуу жаатында сунуштар белгиленди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Исхак Пирматов аткаруу бийлиги тарабынан жол коопсуздугун камсыздоо жаатында кескин чаралар көрүлүп жатканын айтып, статистика боюнча көп кырсыктар Бишкек-Ош жолунда болуп жатканына токтолду. Ал мындай кырсыктарды азайтуунун жолу катары “Кербен” аэропортун жандандырууну сунуш кылды. Анын пикиринде, бул аэропорт аркылуу учууга төрт райондун 500 миңге чукул эли даяр. Бул иш-аракет жүзөгө ашса Бишкек-Ош жолундагы унаалардын саны азайып, жол бошоп, кырсык тобокелчилиги азаймак.

Жол кырсыктары боюнча козголгон кылмыш иштерине депутат Улукбек Ормонов дагы кайрылып, эл ичинде чиновниктердин балдары катышкан жол кырсыктары боюнча кылмыш иштери тез эле жабылып калып жатканы тууралуу сөз жүрүп жатканын билдирди. Эл өкүлү эл арасында мындай нааразычылыктар болбош үчүн жогорудагыдай кылмыш иштерди иликтөөнүн жыйынтыктарын парламентте кароо керектигин айтты.

Депутат Урматбек Самаев Чүй облусунун Токмок шаарынын базарындагы ири соода борборунда чыккан өрт кырсыгынан сөз кылып, базарга өрт өчүрүүчү унаа кире албай соода борбору толугу менен күйүп кетти дейт. Ошондой эле Урматбек Самаев Чүй районундагы жер астынан көтөрүлгөн суулар үйлөрдүн бузулуусуна коркунуч жаратып жаткандыгын, жер астынан чыккан суудан улам жергиликтүү тургундар ар кандай ооруларга чалдыгып жатканын кошумчалады. “Чүй айылын, Токмокту сазга айландырабызбы эми, тезинен жер астындагы сууларды агызып кетирүү иштерин колго алуу керек”,- дейт депутат.

Депутат Нодирбек Каримов болсо үстүбүздөгү жылы табыгый кырсыктар көп болгондугун белгилеп, Ош облусунун Өзгөн районундагы Жазы дарыясынын суусу киргенге чейин анын кесепеттерин алдын алуу зарылдыгын айтып чыкты. Н.Каримов Өзгөн районунун акими дарыянын жээктерин бекемдөөгө Өкмөт габион менен күйүүчү майдан жардам берсе калган иштерин аткарууга даяр экенин кошумчалады.

Кооптуу жерлерде жайгашкан үйлөрдү коопсуз жайларга көчүрүү иштери боюнча Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда жер тилкесин трансформациялоо маселесине келип такалган. Депутат Таалайбек Масабиров мындай кооптуу жайлардан 451 үй-бүлө көчүрүлөөрүн айтып, Өкмөттү тиешелүү иштерди тездетүүгө чакырды. Мындан сырткары, эл өкүлү Чернобль апаатынан жабыркагандардын 95% майып экенин белгилеп, аларга социалдык жактан колдоо керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий