• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эл өкүлдөрү шайлоочуларынын койгон талаптарын аткаруу бийлигине жолдошту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин “Ар кандай маселелер” саатында курулушу башталган соц. обьектилердин бүтпөй жатканы, күйүүчү майлардын баасынын кымбат болуп жатканы айтылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Дастан Бекешев экс-судья М.Оморова судьяларга басым боюнча жасаган билдирүүсүнө токтолду. “Судьяларга басым жасалып жатса, алар өздөрүн коргой албай жатса, эртең алардан кантип акйыкат чечим талап кылабыз. Өлкө башчысы бул маселени өз көзөмөлүнө алышы туура деп ойлойм”,- дейт ал.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ынтымак айылында 27 жыл мурун башталган 530 орундуу мектеп бүтпөй келе жатат. Ошону менен катар аталган райондун Масы айылындагы мектептин спорттук залы дагы бир топ убакыттан бери курулушу аягына чыкпай жатат. Депутат Абдыкапар Султанов Ноокендеги мындай көйгөйлөрдү Өкмөттүн астына койду.

Депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү кеңештердин 800дөй депутатына төш белгилери эмдигиче бериле электигин айтып, Борбордук шайлоо комиссиясын сынга алды. Мындан сырткары, эл өкүлү Талас облусу менен Чаткал районун байланыштыруучу Кировка – Чаткал жолу оңдолсо, айланып өтүүчү 600 чакырымдык жол бир кыйла кыскарарын аткаруу бийлигине кулак кагыш кылды.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Сырт айылынын тургундарынын катын депутат Закир Шарапов окуп берди. Анда 2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылында жергиликтүү эл жана аталган айылдан чыккан эр-азаматтар ички жолдорду өздөрүнүн күчү менен оңдоого киришкендиги айтылат. З.Шарапов эми мындай алгылыктуу иштерге райондун ДЭП ишканасы көмөктөшсө дейт.

Жазгы талаачылык иштери башталып жаткан маалда күйүүчү майдын баасы кымбат болуп жатканын айткан депутат Алтынбек Жунус уулу коңшу Казакстандагы күйүүчү майдын арзандыгынан сөз козгоду. Ошону менен катар эл өкүлү Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы үч-төрт айылды тейлөөчү Кара-Ой айылындагы дарылоочу медициналык борбордун кыш мезгилинде жылытуу системасы жоктугунан 1 гана бөлмөсү жылыткыч менен жылытылаарын айтып, бул жагдайга көңүл бурууга чакырды.

7-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мамай айылында кыргыз жараны өзбек чек арачысынын огунан каза болгон. Депутат Умбеталы Кыдыралиев бул тууралуу Кербен шаардык кеңешинин депутаттарынан кат келгендигин, анда Мамай айылындагы окуя болгон жер такталган жер экени белгиленгендиги, тыкыр иликтөө зарылдыгы айтылганын билдирди.

Депутат Улукбек Ормонов Ош облусунун Өзгөн районундагы райондук оорукана 1967-жылы курулганын айтып, оорукананын терапия бөлүмүнүн абалы абдан начар экенин, ага жаңы корпус куруу зарылдыгын аткаруу бийлигине жолдоду.

“Ош облусунун бириктирилген клиникалык ооруканасына 40 жылдан бери ремонт жүргүзүлбөй келет. Тиешелүү медициналык жабдуулары жоктугунан улам эл толук кандуу дарылана албайт”,- дейт депутат Махабат Мавлянова.

Пикир

Оставить комментарий