• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эл өкүлдөрү жөлөкпул алууда кирешеден пенсиянын алынып салынышына жетишкендик катары баа беришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамга, Балдар жөнүндө кодекске, “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамдарга) 2-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору аркылуу 16 жашка чейинки балдарга “Үй-бүлөгө көмөк” аттуу жөлөкпул каралган. Анда муктаждыкты эске алуу менен майып балдарга жана кичине кезинен бери майып болгон балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатуу; ата-энелеринин камкордугунан ажыраган жана интернат тибиндеги балдар үйлөрүндө мамлекеттин камсыздоосундагы балдарга жеке депозиттик счетторду милдеттүү түрдө ачуу тууралуу ченем киргизүү (бул счетко эрезеге жеткенге чейин аларга мыйзам чегиндеги алимент, пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык төлөмдөр топтолушу үчүн) каралууда. Мыйзам долбоорун 1-окуудагы кароодо бир катар депутаттардын сунуштарынан кийин мыйзам долбоорунда жыйынды кирешеге пенсиянын ар кандай түрлөрү кошулбастыгы белгиленген. Мындан сырткары "балага жөлөк" – 1,5 жашка чейинки ар бир баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул белгилөө каражат маселесинен улам мыйзам долбоорунан алынып салынган.

Суроо-жооп маалында депутат Алтынбек Жунус уулу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү тандоо критерийлерине. кантип аныкталаарына кызыкты. КР эмгек, социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова кыйыр түрдө баалоо жүргүзүлөөрүн, анда үй-бүлөнүн мал жандыгы, автоунаа, айыл чарба техникасынын бар-жоктугу, айлык акысы жана пенсия эске алынып келгендигин чечмелеп берди. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда пенсия жыйынды кирешеден алынып салынууда.

Депутат Кенжебек Бокоев жыйынды кирешеден пенсия алынып салынганы чоң жетишкендик катары баалап, майып балдарын баккан атага же энеге жөлөкпул төлөө боюнча көрүлүп жаткан чараларды сурады. Министр Т.Исакунованын айтымында, майып балдарын баккан атага же энеге эмгек акы катары төлөм төлөө маселе боюнча КР өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыкты. Бир катар депутаттар пенсияны жыйынды кирешеге кошпоо жер-жерлердеги шайлоочулардын өтүнүчү болгондугун, аны мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттар тобу жүзөгө ашырып жаткандыгын баса белгилешти.

Депутат Айнура Осмонова баштаган бир катар эл өкүлдөрү жөлөкпул алуучулардын тизмесин керектүү жерлерге илиниши керектигин сунуш кылышты. Бир катар депутаттардын пикиринде, “сүйүнчү пулду” берүүнүн механизмин жөнөкөйлөштүрүү керек.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору тармактык комитеттин корутундусу менен 2-3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-январынан тартып «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кириши керек болчу. Бул мыйзам балдары бар үй-бүлөлөргө жөлөкпулду кирешеси боюнча эмес, категориялык жана демографиялык белгилери боюнча чектөөгө өтүүнү, жөлөкпулду ар бир үч жашка чейинки балага жана үчтөн ашык балдары бар үй-бүлөлөргө чектөөгө өтүүнү камтыган. Бул мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү «балага сүйүнчүнү» берүүнү караган ченемден тышкары, 2018-жылдын 1- апрелине чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий