• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл каттоо 2020: Мамлекетке өзүбүз тууралуу көбүрөөк маалымат топтоого көмөктөшөлү

Коом 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин Кыргызстанда элди жана турак жай фондду каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эл каттоо – он жылда бир өтө турган маанилүү иш-чара болуп саналып, өлкөнүн келечегин аныктоого жардам берет. Эл каттоодо элдин санын, өлкөнүн аймагындагы калктын бөлүштүрүлүшү, анын социалдык жана экономикалык абалы, элдин тили жана улуттук курамы жана билим деңгээли тууралуу маалымат чогултууга жардам берет.

Элди каттоодогу маалыматтар уникалдуу. Аларды башка булактардан алуу мүмкүн эмес. Булар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн перспективаларын аныктаганга көмөк көрсөтөт. Элдин саны жана курамы тууралуу маалыматтын негизинде бардык деңгээлдеги бюджетти түзүүгө жардам берет. Андан тышкары, каттоонун жыйынтыгы калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган мыйзамдардын негизин түзмөкчү. Ошондой эле элди каттоо маданий-тарыхый жактан да маанилүү. Ал келечек муунга - биздин өлкөнүн жарандары XXI кылымдын 1-жарымында кандай жашагандыгын билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Каттоонун жыйынтыкталган маалыматтарын даярдоо, жарыялоо жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлгөн.

Чогуу мамлекетибизге өзүбүз тууралуу көбүрөөк маалымат топтоого көмөктөшөлү.

Пикир

Оставить комментарий