• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эл каттоо мезгилинде жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн Call-борбор түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Улуттук статистика комитетинде 2022-жылдын 22-мартынан 10-майына чейин республикада эл жана турак жай фондун каттоо суроолору боюнча жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн бирдиктүү 1216 номеринин негизинде Call-борбор иши уюштурулду. Бул тууралуу Статкомдун маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, борбордун ишине Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери ишке тартылды. «Ишеним телефону» эл жана турак жай фондун каттоо өткөрүүнүн жүрүшүндө жаралган маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароо, ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарын бузууларга жол бербөө үчүн арналган.

«Ишеним телефонуна» жарандардын кайрылууларын кабыл алуу дем алыш жана майрам күндөрүнөн башка күндөрү, күн сайын, саат 8:30дан 18:00гө чейин, ал эми эл каттоо өткөрүлүп жаткан мезгилде - 8:30дан 20:00 чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий