• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл каттоого 25 миңге жакын кызматкер тартылат — Акылбек Султанов

Коом 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Өлкөнүн калкын жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын алуу учурунда мобилдик жана интернет байланышы менен камсыздалган 25 миңге жакын кызматкер тартылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов Кыргызстандын президенти менен болгон жолугушууда маалымдады.

Комитеттин төрагасынын маалыматына таянсак, жалпысынан Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун каттоо бөлүмдөрү жана 4 миңге жакын инструктордук участкалар ачылат.

Акылбек Султанов ошондой эле КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин «КМШ мамлекеттеринде 2020-жылдын раундунун калкты каттоону жүргүзүү жөнүндө» чечиминин алкагында калкты каттоого даярдыктар жөнүндө айтып берди. Кыргызстанда калкты каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы аймактарда 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы калкты каттоо толугу менен электрондук форматта мобилдик тиркеменин жардамы менен өткөрүлүп, Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан «Survey Solutions» программасы колдонуларын кошумчалады.

Тестирлөө максатында калкты кагаз жана электрондук түрдө каттоо пилоттук тартипте үч жолу Токмок шаарында жана Чүй областынын Чүй районунда, Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагында жана Ош шаарында жүргүзүлгөн.

Пилоттук каттоо жүргүзүү учурунда анын электрондук форматта жүргүзүлүшүнүн башкы артыкчылыктары аныкталган — чогулуп жаткан маалыматтардын сапатынын жогорулашы, аларды иштетүү мөөнөтүнүн кыйла кыскарышы, каттоонун жүрүшүн реалдуу мезгилде көрүү мүмкүнчүлүгү.

Пикир

Оставить комментарий