• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эл каттоо боюнча суроолор жаралса кайда кайрылуу керек? Байланыш телефондору

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы эл каттоого байланыштуу суроолор жаралса кайда кайрылуу керек экендигин эскертти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, эгерде эл каттоонун жүрүшүнө байланыштуу суроолор болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кайрылуу керек:

— Ленин району — 88-73-66;
— Октябрь району — 57-64-38;
— Биринчи май району - 30-08-71;
— Свердлов району — 38-24-68.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 25-марттан тарта калкты жана турак жай фондун каттоо башталат, ал 10 күнгө - 2022-жылдын 3-апрелине чейин созулат.

Эл каттоого катышуу - милдеттүү. Ага Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары тартылат.

Мындан тышкары, алар өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоону жүргүзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий