• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Эль класико": "Барселона" жана "Реал" командалары 17 жыл ичинде алгачкы жолу тең чыгышты

Спорт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. "Эль класико" беттешинде күйөрмандар 17 жыл ичинде алгачкы жолу эки команданын киргизген голуна күбө боло алган жок. Акыркы жолу эки команданын 0:0 эсебинде жыйынтыкталган оюну 2002-жылы болгонун Чемпионат басылмасы жазат.

Бүгүн, 19-декабрда "Камп Ноу" стадионунда болгон оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Футбол боюнча Испаниянын биринчилигинин 10-турунда (октябрь айында) "Барселона" менен "Реал" командалары беттешмек. Бирок өлкөдөгү башаламандыктан улам оюн 19-декабрга жылдырылган.

Эскерте кетсек, эки команда тең 36 упайы менен тизменин сап башында турат.

Пикир

Оставить комментарий