• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Эль-Класико”: Суарестин хет-триги, 5:1 эсебинде аяктаган беттеш

Спорт 0

Бишкек, 29.10.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Испания чемпиондугунун 10-турунун алкагында мадридтик “Реал” клубу “Барселона” командасы менен оюн өткөздү. 28-октябрда “Камп Ноу” талаасында болгон оюн 5:1 эсебинде “Барселонанын” жеңишинде аяктады.

Оюндун 11-мүнөтүндө Жорди Альбанын узаткан тобун “Барселонанын” чабуулчусу Коутиньо голго айлантты. 30-мүнөтүндө “Реалдын” коргоочусу Варан Суареске каршы орой ойногондугу үчүн айып соккусу белгиленди. 11 метрлик айып соккусун Суарес өзү тээп эсепти 2:0го өзгөрттү.

2-таймдын 50-мүнөтүндө Марселонун бутунун учу менен тебилген тобу каршылашынын дарбазасынан орун алды. 75-мүнөтүндө көтөрүлгөн топту Суарес башы менен сүзүп гол киргизди. Эсеп 3:1.

83-мүнөтүндө Серхио Рамостун катасын колдонуп Роберто Суареске топту узатты. Суарес “Реалдын” дарбазачысы Куртуа менен жалгыз чыгып гол жаратты. 4мүнөт өтпөй Дембеленин сол тараптан көтөргөн тобун Видаль башы менен сүзүп эсепти 5:1 кылды.

Белгилей кетсек, акыркы 11 жыл ичинде биринчи жолу “Эль-Класико” Лионель Месси менен Криштиану Роналдусуз өттү. Месси оң колунан алган жаракатынан улам оюнга чыкпаса, Роналду жайында “Реал” клубунан “Ювентус” командасына кеткен.

Пикир

Оставить комментарий