• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эл Конституциялык реформанын зарылдыгын таамай түшүндү – коомдук ишмер

Коом 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Эл конституциялык реформанын зарылдыгын айкын түшүндү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине активист, коомдук ишмер Сыртбай Мусаев билдирди.

Анын айтымында, эгер азыркы Конституция чындыгында эле жакшы, натыйжалуу болгондо, анда 5-6-октябрда өлкөдө орун алган окуялар болбойт эле. “Өткөн октябрь окуялары бизди мамлекеттик деңгээлде туура эмес башкарып келишкенин, биз жашап жаткан Конституция туура эмес экенин көрсөттү. Андай болбосо аны өзгөртүү ойго келбейт эле”,-деди ал.

Мусаев белгилегендей, Кыргызстанда парламенттик башкаруу деп эсептелип келгени менен иш жүзүндө андай болгон жок. Кыргызстан керек болсо парламенттик башкарууга да келген жок. “Беш-алты парламенттик фракция өлкөнү беш-алты бөлүккө бөлүп кетти, жетинчи болуп президент. Эл мындан чарчады. Анткени, депутаттар өлкөнү, элди бөлүп-жарып, аларды бизнеске айландырып, партиядагы орундарды ири суммадагы акчага сатышты. Парламенттик башкаруунун маңызы ушул болду. 30 жылдын ичинде Кыргызстанда 30дан ашык премьер-министр алмашты. Парламент мына унушу менен алектенди”,-деди активист.

“Мен дайыма бизге жакшы президенттик башкаруу керек, анда президент жеке өзү барына жоопкер болот деп айтып келгем. Бизге, кыргыздарга дал ушундай зарыл. Анткени, кыргыздар байыртадан эле көчмөн жашоо образына көнгөн, эч кимге баш ийишкен эмес жана парламенттик башкаруу биздин андан ары да бөлүп салды. Күчтүү президенттик башкаруу менен тартип орнойт, биз эмнени каалап жатканыбызды жана ага кандайча жетишүүбүз керектигин так билебиз, туруктуу өнүгүү курсу аныкталат”,-деди Мусаев.

Пикир

Оставить комментарий