• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эль-Кувейтте Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгы белгиленди – Фоторепортаж

Маданият 0

Эль-Кувейт, 20.02.19. /Кабар/. Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Кызматташуунун 25 жылдыгын майрамдоо иш-чаралары кыргыз-кувейт бизнес форумун өткөрүү менен туура келди.

Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Самаргүл Адамкулова журналисттерге билдиргендей, 18-февралдан тарта ал жакта Кыргызстан жана Кувейт менен байланышкан ири иш-чаралар өтүүдө.

"Маселен эки өлкөнүн ортосундагы бизнес форум өттү. Анда бизнес уюмдар бири-бири менен тааныша алышты. Айыл чарба өнөр-жайы, туризм жана башка тармактарда мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралууда. Ошондой эле эки өлкө ортосунда авиа байланыш керек экендигин белгилегим келет. Бул багытта иштеп жатабыз. Ошон үчүн Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү максатында бир катар иш-чаралар өтөт", - деди ал.

Ошондой эле ал Кыргызстандын тарыхына арналган конференция болорун бегиледи.

"Андан тышкары Кувейт Университетинде Кыргызстандын тарыхына, Чыңгыз Айтматовго арналган чоң конференция болот. Ошондой эле жолугушуу Кыргызстан менен Кувейттин маданий кызматташтыгына арналат", - деди ал.

Бул иш-чарага Кувейттеги дипломатиялык өкүлчүлүктүн, Кувейттин мамлекеттин органдарынын өкүлдөрү, мекендештер, Кыргызстандан барган делегация катышты. Анын алкагында кыргызстандык товарлардын көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргызстандын маданий делегациясын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ал эми бизнес делегациянын Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу баштап келди.

Ошондой эле иш-чарага Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары катышты.

Пикир

Оставить комментарий