• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эль-Кувейттеги «Мубаракия» базарында «White Honey» балынын кыргыз павильону ачылды

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Куйветтин Эль-Кувейт шаарындагы эң ири тарыхый «Мубаракия» базарында «White Honey» балынын кыргыз павильону ачылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, соода павильону КР ТИМинин Экономикалык дипломатиясын алдыга жылдыруу боюнча иш планын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин жардамы, ошондой эле Кувейттин Коммерция министрлиги, шаардык муниципалитети, өрт өчүрүүчү жана башка кызматтардын уруксаты менен ачылды.

«White Honey» соода бренди Кувейттин Соода-өнөр жай палатасында катталган, ошону менен бирге компания Кыргызстандын өндүрүмүн Кувейттин эл аралык аэропорту аркылуу импорттоо укугуна ээ.

Кыргызстандын Кувейтттеги элчилиги Кыргызстандагы коммерциялык уюмдарды жана айыл чарба өндүрүүчүлөрдү Кувейтке экспорттоонун эрежелери жана жол-жоболору менен таанышуу, жана алардын продукциясын потенциалдуу сатып алуучулар арасында жана аталган өлкөнүн рыногунда алдыга жылдыруу максатында кызматташууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий