• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Эл үмүтү» президенттик стипендиясын ыйгаруу комиссиясынын алгачкы кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма өз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө эл аралык стипендияны ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоонун координациялык жана процедуралык эрежелери, документтерди кабыл алуу жана кароо тартиби талкууланды.

Комиссиянын кеңешмесинде каралган бардык маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы таланттуу жаштардын чет өлкөдөн билим алууга мотивациясын колдоо жана жогорулатуу, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий