• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Эл мурдагыдай коррупциялашкан системага кайтууга жол бербейт” – Президент

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. “Мурдагыдай коррупциялашкан системага кайтууга болбой турганын ишенимдүү түрдө айтууга болот, эл ага жол бербейт”,-деди мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 5-жыйынында .

Мамлекет башчысы Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун аркасында саясий система турукташып бара жатканын белгиледи. Шайлоочулардын биометрикалык идентификациясын жана автоматтык түрдө өзү эсептөөчү технологияларды колдонуу менен өтүп жаткан жаңы шайлоо модели 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү кеңешке шайлоолорду таза өткөрүүгө жол ачып, мурдагы революциялардын башкы себептеринин бирин жок кылды.

“Биз соттук системаны реформалоодо чоң алгылыктуу иштерди жүргүздүк. Соттук корпустардын дээрлик 3 төн 2 бөлүгү жаңыртылды. Соттордун материалдык базасын бекемдөө маселеси чечилип жатат. Эксперттик жана жарандык коомдук катышуусу менен парламент тарабынан сот адилеттигин жөнөтүү маселесин регламенттөөчү жаңы процессуалдык жана башка мыйзамдар иштелип чыгып, кабыл алынды. Соттордун таза жана ачык-айкын иштөөсүн камсыздоочу жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу уланууда”,-деди А.Атамбаев.

Анын айтымында, коррупция менен тутумдуу күрөшүү башталды, мамлекеттик органдарды, өзөгөчө бийликтин жогорку эшелонун тазалоого кириштик. Акыркы 5 жылдын ичинде эле 7 миңге жакын коррупциялашкан ишмердүүлүк, анын ичинде жогорку деңгээлдеги чиновниктерге карата кылмыш иштери козголду.

“Биз укук коргоо органдарынын системасын реформалоонун толук кандуу процессин ишке киргиздик, анын максаты алардын ишмердүүлүгүн гана тартипке келтирүү эмес, барынан алдын жарандардын, мамлекеттин жана ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо, мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүү болуп саналат”,-деди КР Президенти.

Пикир

Оставить комментарий