• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Эл пикир” жетекчиси Ө.Бабановдун рейтингинин драмалык төмөн түшүп кетишинин себептерин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. “Эл-пикир” коомдук пикирлерди иликтөө Борборунун жетекчиси Элвира Илибезова ММКларга президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун рейтинги кайсы себептерден улам түшүп кеткен себептерин айтып берди.

«Биздин компания Кыргызстандагы бирден бир абройлуу социологиялык кызматтардын бири. Биз рынокто 1992-жылдан бери иштеп келе жатабыз, эӊ акыркы заманбап ыкмаларды колдонобуз. Бүгүнкү Алмазбек Атамбаев элге жарыялаган материалдар биздин кызмат тарабынан даярдалган.

Акыркы күндөрдө Сооронбай Жээнбеков Ө.Бабановдон кыйла алдыга озуп кетти. Менде эмне үчүн мындай жыйынтык болуп жаткандыгы тууралуу өзүмдүн болжолдоом бар. Бабановдун Н.Назарбаевден бата алуу максатында жолукканынан сырткары, Оштогу Он-Адырда ойлонбой сүйлөп, өзбек картасын эпсиз ойногону, анын үзөӊгүлөшү Канат Исаевдин массалык баш-аламандыкты уюштурууга айыпталып камалышы электоратка жаккан жок.

Менин оюмча анын көйгөйү – өз имиджин туура эмес позицияда алып барганында болуп жатат. Бабанов келечектүү жаш бизнесмен катары коомдогу көйгөйлөрдү чечүүгө умтулуп, бийлик менен тирешпеген учурунда, аны жактыруу менен кабыл алышчу.

Бирок жакындан бери ал өзүн калкты зордук-зомбулук аракеттерин көтөрүп чыгууга даяр революционер катары көрсөтө баштап, электораттын ишениминен ажырап калды. Кыргызстанда эл коркуп калган, революцияны каалабайт. Ошондуктан Өмүрбек Бабанов тарапташтарын жогото баштады.

Биздин баамыбызда шайлоо алдындагы катталган элдин социалдык өзүн өзү сезүү деӊгээли 2010-жылдагы парламенттик, 2011-жылдагы президенттик, 2015-жылдагы парламенттик шайлоо кампанияларынан жогору. Элдин көпчүлүгү саясий, экономикалык туруктуулукту сезип жатышат. Буга байланыштуу шайлоо алдында азыркы абалды сындоодон майнап чыкпайт. Шайлоо алдындагы кампанияларда өлкөнү, экономиканы өнүктүрүү, жумушчу орундарын ачуу, айлык акыларды көбөйтүү жагына басым жасалышы керек”, - дейт Э.Илибезова.

Пикир

Оставить комментарий