• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эл президенттен коррупция менен күрөштө чечкиндүү иштерди күтөт - саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. Эл президент Жээнбековдон коррупция менен күрөштө чечкиндүү аракеттерди күтөт. Сооронбай Жээнбековдун УКМК жана ККК жетекчилиги менен жолугушуусу боюнча мындай пикири менен саясат таануучу Алмаз Тажибай бөлүштү.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүгө убада берген жана эл ал берген убадаларын аткарат деп ишенип турушат.

“Менимче, президенттин аппараты жана президент өзү да муну түшүнүшөт. Ошондуктан, ал коррупция менен күрөшөм, белгилүү бир жыйынтыктар болот деп айткандан кийин, өз укуктарына ылайык ал ирээтке келтирет. Биз президент коррупция менен күрөштө жыйынтыктарыды көрсөтүүгө тиешелүү органдарга 6 ай бергенин билебиз. Ошондуктан УКМК коррупция менен жигердүү күрөшөт же өзгөрүүлөр болот”, - деп белгиледи Тажибай.

Саясат таануучу билдиргендей, УКМК бул түздөн-түз президентке байланыштуу жана анын түз көзөмөлүндө турган орган.

“Бул анын айрым укугу, биринчиден, учурда жарандык коом, эл, баары президенттен конкреттүү аракеттерди күтүп жатышат, ал убада кылган жана бүтүндөй коомчулук жыйынтык күтүүдө”, - деди саясат таануучу.

Ал мисал катары кылмыш иши боюнча жогорку кызматтагы чиновниктер кармалган шаардык ЖЭБди келтирип өттү.

“Менимче бул иш боюнча дагы кармоолор болот. Анткени 386 млн АКШ доллары бул чон акча жана бир же эки адам аны ыйгарып ала алышмак эмес. Мында буга тиешеси бар жогорку деңгээлдеги чиновниктердин тобу болсо керек. Эл күтүп, президенттин аракеттерин колдоп жатат, учурда көптөр президентке ыкташып, ал ишеним жаратууда”,- деп белгиледи Тажибай.

Ошону менен бирге саясат таануучу эл президентке ишенерин жана ошон үчүн ал өзүнүн убадаларын аткарышы керектигин, ал эми коррупция менен күрөштүн натыйжасы жакын арада көрүнүшү зарылдыгын баса белгиледи.

“Президент Жээнбеков өз убадаларын аткарышы керек. Бардык жерде коррупциялык схемалар качан ачылары тууралуу суроо салышууда. Жок дегенде административдик деңгээлде. Биз коррупция мыйзамдык жана саясий болуп бөлүнөрүн билебиз. Дагы административдик жана бюрократиялык коррупция түрлөрү бар. Алардын ичинен эң көрүнүктүүсү – бул административдик жана бюрократиялык коррупция, бул жерде көп аракет кылуу керек”, - деп билдирди Тажибай. Мындан тышкары ал жарандык коом Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы планынын аткарылбашына сын көз караш менен карарын белгиледи.

“Коом коррупцияны жоюуда чоң өзгөрүүлөрдү талап кылат. Жарандык коом системалуу өзгөрүүлөрдү талап кылат”, - деп жыйынтыктады саясат таануучу.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди жана Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору УКМК төрагасынын биринчи рангдагы орун басары Сагынбек Исмаиловду кабыл алган. Жолугушууда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев дагы катышты.

Жээнбеков УКМК Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишмердигинин жыйынтыктары 2018-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча коррупцияга каршы күрөшүү багытында жакшы жыйынтыктарды көрсөтөт. Ошол эле учурда ал коюлган максаттарга жетишүү үчүн талыкпай иштеп, колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий