• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда живописчи, график, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев акыркы сапарга узатылды. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, маркумдун жакындары жана санаалаштары катышты. Шаар мэри президент Сооронбай Жээнбековдун атынын көңүл айтып, Баатыр Жалиевдин эмгектерине токтолду.

85 жашында көз жумган Баатыр Жалиев маданияттын мыкты ишмери, көрүнүктүү живописчи, графикчи, эл сүрөтчүсү, СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. 1977-жылдан 1982-жылга чейин Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген. Андан соң, Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун Ош шаары боюнча бөлүмүндө көп жыл жетекчи болуп, пенсия курагына чейин үзүрлүү эмгектенди.

Өзүнүн тандаган кесибин туу тутуп маданият, өнөр жай жана айыл чарба темаларына арналган «Өнөр жайлуу Ош», «Ош курулуп жатат», «Хайдаркан комбинаты» жана жанрлуу-портреттүү «Тогуз коргоол» аттуу чыгармаларды жаратып, республикалык жана жергиликтүү коомчулуктун руханий жана эстетикалык байлыгын өстүрүүгө жигердүү салым кошту.

Баатыр Жалиевич республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу болуп, Ордолуу Оштун аброюн жана беделин көтөрүп, Кыргыз сүрөтчүлөрүн эл аралык майданга алып чыкты.

Чыгармалары Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөмсүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталып келет.

Маданиятка жана коомчулукка сиңирген эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик медалдар жана Республикалык жана Союздук Ардак грамоталар менен сыйланган.

Маданият чөйрөсүндө татыктуу эмгектенип, көптөгөн шакирттерди тарбиялады.

Пикир

Оставить комментарий