• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Эл түшкөн тыгылышкан маршруткага ким түштү?” Президент бийлик өкүлдөрүн ыңгайсыз абалга калтырды

Президент 0

Бишкек, 25.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.

Анын жүрүшүндө Жапаров бүгүнкү күндө бир да кагаз президенттин администрациясында жатат деген шылтоо жок экендигин айтат.

"Сиздерди да демократия, меритократия, реформа дегенде тикеңиздерден тик туруп иштөөгө чакырам. Өзүңөрдөн акылдуураак орун басарларды “менин ордумду тартып алат” деп чочулабай дайындаңыздар. Чечим кабыл алуудан коркпоңуздар. Ушул залда аймактагы жетекчилеринен тышкары бүт ведомстволордун жетекчилери, министрлер – бардык чоңдор отурасыңар. Ким канча жолу аймактардагы элдин жашоосун көрүп келди? Ким эл түшкөн автобуска, тыгылышкан маршруткага түштү? Андайлар араңыздарда жокко эсе. Аз. Жерге түшүп басалы дейм”, - деп айтат президент.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралууда.

Пикир

Оставить комментарий