• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын биринчи кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 2022-жылы Эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал алдыдагы калкты каттоо процессинин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Калкты каттоо 10 жылда бир жолу өтөт. Белгилүү болгондой, калкты жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгы натыйжалуу демографиялык саясатты жана социалдык-экономикалык программаны иштеп чыгууга, эмгек миграциясынын абалын талдоого, социалдык объектилерди курууга муктаждыктарды баалоого мүмкүндүк берет. Калкты каттоодон өткөрүү мөөнөтү 2020-жылы коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу жылдырылган. Элди каттоо 2022-жылы өтөт. Республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараны ийгиликтүү, сапаттуу жана өз учурунда өткөрүү үчүн тийиштүү даярдык иштерин жүргүзүү зарыл», - деди Арзыбек Кожошев.

Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов республикада эл жана турак жай фондун каттоого даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Министрлик, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каттоого даярдык көрүү боюнча аткарылып жаткан негизги иштердин календарлык планы каралды, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн маалыматы угулду.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Улуттук статистикалык комитет менен макулдашуу боюнча 2022-жылга республикалык бюджеттен эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү үчүн финансылык каражаттарды максаттуу бөлүүнү кароосу тапшырылды.

Ошондой эле министрликтердин, ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, жергиликтүү мамлекеттик райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин калкты жана турак жай фондусун каттоо өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү үчүн жеке жоопкерчиликтери белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий