• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эл жана турак жай фондун каттоо эмне үчүн керек? – Статистика комитетинин видеосу

Коом 0


Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт. Ал ушул жылдын 23-мартында башталып 1-апрелге чейин созулат.

Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоо эмнеге жүргүзүлөрүн айтып берген чакан тасма даярдаган.

"Каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатты, ошондой эле өлкөнүн жана анын аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн кеңири колдонулат. Эл каттоо коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жөнүндө билүүгө мүмкүндүк берген жана ар кандай көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк бере турган ыкчам портрет болуп саналат", - деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Эл жана турак жай фондун каттоого байланыштуу суроолорго жооп алуу үчүн Улуттук статистика комитетинин Статистикалык каттоолор бөлүмүнүн адистерине кайрылсаңыздар болот:

Тел: +996 (312) 325336

Пикир

Оставить комментарий