• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Абдылдаев Германиянын жаратылышты коргоо бирлигине барды

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-июлунда герман тараптын чакыруусуна ылайык Кыргызстандын германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын жаратылышты коргоо бирлигинин (НАБУ) федералдык кеңсесине барып, НАБУнун аткаруучу директору Лайф Миллер менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу убагында НАБУнун алкагында Кыргызстанда аткарылып жаткан жана боло турган долбоорлор, анын ичинде Чүй облусунда жаңы курулуп жаткан ак илбирсти жана башка айбанаттарды Реабилитациялоо борбору жана Экологиялык билим берүү борбору тууралуу маек болду.

Германиянын тышкы иштер министрлигинин “Жашыл Борбор Азия” демилгесинын алкагындагы долбоорлор жана 2022-жылы боло турган НАБУнун Кыргызстандагы жигердүү ишмердүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган иш-чаралар талкууланды.

Элчи Эрлан Абдылдаев 2021-жылдын 16-апрелинде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынында кабыл алынган “Жаратылыш чек араларды тааныбайт-трансчегаралык кызматташуу - био ар түрдүүлүктү сактоодо жана колдонууда негизги фактор” аттуу резолюциянын алкагында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Андан тышкары, элчи Эрлан Абдылдаев “Кумтөр” алтын кен ишканасынын ишмердүүлүгүнөн Кыргызстанга келтирилген экологиялык зыян тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий