• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Элчи Абдылдаев Конрад Аденауэр фондунун өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Кечээ, 11-февралда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Конрад Аденауэр фондунун өкүлү, Доктор Петер Хефеле менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Германиянын коомдук-саясий фонддору менен кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар Кыргыз Республикасы менен К.Аденауэр фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүнө канааттануусун белгилеп, ар кандай тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий