• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Абдылдаев Норвегиянын Королуна ишеним грамотасын тапшыруунун алкагында бир топ жолугушууларды өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Норвегиянын Королуна Харальд V ишеним грамотасын тапшыруу аземи алкагында Кыргызстандын Норвегиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев бир топ жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-19-ноябрында Норвегиянын Королуна Харальд V ишеним грамотасын тапшыруу аземине катышуунун алкагында Кыргызстандын резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Норвегия Королдугундагы элчиси Эрлан Абдылдаев Королдуктун Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысынын орун басары Торгиер Ларсен, аталган министрликтин Коопсуздук саясаты департаментинин башкы директору Кнут Хауге, ошондой эле Норвегия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин Башкы директордун орун басары - Мамлекеттик протоколунун директорунун орун басары Мариус Дирдал, Норвегиянын кызматташуу боюнча агенттигинин башкы директору Бард Вегард Солиэл менен жолугушууларды өткөрдү.

Жогорудагы жолугушуулардын жүрүшүндө маектештер Кыргызстандагы учурдагы саясий абал, саясий жана экономикалык реформалардын негизги багыттары тууралуу маалымат алышты, ошондой эле КР менен Норвегия Королдугунун ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуу, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн келечектеги маселелерин кеңири талкуулашты.

Ошондой эле алар өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана КРнын экономикасынын ар кандай тармактарына инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди көрүү, коронавирус илдетинин андан ары жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү зарылдыгын белгилешип, 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөө боюнча биргелешкен иш-чараларын өткөрүүнү макулдашты.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кыргыз-норвегиялык мамилелерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү максатында Норвегиянын кызматташуу боюнча агенттиги (NORAD) менен кызматташууну кайра жандандырууну талкуулашты.

Бул сапардын алкагында элчи Эрлан Абдылдаев Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросунун Экономикалык статистика жана эл аралык иштер департаментинин директору Лассе Сандберг менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Эрлан Абдылдаев КРнын Улуттук статистикалык комитети менен 15 жылдык жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди, анын жыйынтыгында кызматташтыктын 4 фазасы ишке ашырылган, ошондой эле эки өлкөнүн статистикалык органдарынын мындан аркы кызматташуусун улантуу боюнча пикир алмашты.

Андан тышкары, Норвегиянын дипломатиялык корпусунун Дуайени, Мьянма Союз Республикасынын элчиси Дау Мо Мо жана Норвегиянын Ардактуу консулдары клубунун президенти Джон Эрлинг Тенвик менен жолугушуулар болуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын Норвегиядагы элчилигинин дипломатиялык корпусу менен кызматташуусу талкууланып, ошондой эле тараптар КРнын Норвегиядагы ардактуу консулун дайындоо тууралуу пикир алышты.

Жыйынтыгында Абдылдаев Норвегияда жашаган мекендештер менен дагы жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ар тараптуу маселелер, анын ичинде консулдук маселелер талкууланды. Элчи кыргызстандыктарды активдүү жарандык позицияны көрсөтүп, 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий