• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Абдылдаев Тажикстандын ТИМ башчысына ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-майда Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен өлкөдө дипломатиялык миссиясынын башталышына жана ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшыруусуна байланыштуу жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тышкы иштер министри Мухриддин элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Тажикстанда дипломатиялык миссияны ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде элчи Абдылдаев эки тараптуу кыргыз-тажик мамилелеринин бүткүл комплексин илгерилетүү жана маселелерди чечүү үчүн максималдуу күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, туристтик, гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо боюнча эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, ошондой эле чек ара жана регион аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү, ошондой эле чек ара боюнча КРнын жана ТРнын Өкмөттүк делегацияларынын ишин активдештирүү зарыл деген пикирге келишти.

Министрликтердин жана ведомстволордун деңгээлинде интенсивдүү байланыштарды улантуу жөнүндө макулдашуу жетишилген, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде боло турган иш-чаралардын графиги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий