• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Элчи Абдылдаев Берлиндин башкаруучу бургомистри менен болгон онлайн жолугушууга катышты

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. 12-майда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев германия тараптын чакыруусу менен Берлин шаарынын башкаруучу бургомистри Михаэль Мюллердин дипломатиялык корпус менен болгон онлайн жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

М.Мюллер Берлин шаарынын социалдык-экономикалык, маданий–гуманитардык жаатардагы жааттардагы саясаты тууралуу айтып берип, эпидемиялык абал турукташкандан кийин тез арада эл аралык активдүүлүк кайрадан калыбына келүүсүнө үмүтүн билдирди.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу ой-пикир бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий