• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Аманбаев АКШ Мамкатчысынын жардамчысынын биринчи орун басарынын м.а. менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 12.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу/ Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча бюросунун башчысы Дин Томпсон менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, баарлашуунун жүрүшүндө Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Б.Аманбаев америкалык тарапка акыркы жылдары Кыргызстанда болуп өткөн саясий өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдады.

Ал белгилегендей, азыркы өкмөттүн башкы максаты - Кыргызстанда демократиялык баалуулуктарды орнотуу жана мыйзамдуулук болуп саналат. Ал өз билдирүүсүндө жаңы бийлик келгенден бери Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо абдан таза жана акыйкат өткөнүн белгиледи. Б.Аманбаев бүгүнкү күндө дүйнө жүзү дуушар болуп жаткан эң чоң көйгөйлөр - глобалдык жылуулук, курчап турган чөйрөнүн булганышы жана пандемия, ушуга байланыштуу Кыргызстан көрсөтүлгөн багыттарда АКШы менен кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу жолдору боюнча пикир алмашышты. Б.Аманбаев Кыргызстандан уурдалган активдерди кайтарып берүү жана студенттер, мугалимдер үчүн билим берүү программаларын калыбына келтирүү боюнча кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Д.Томпсон Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жаткандыгын белгилеп, бардык тармактар боюнча конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди, анын ичинде коронавирустан кийинки экономиканы калыбына келтирүү, ошондой эле COVAX программасы аркылуу COVID-19га каршы вакциналар менен камсыз кылуу.

Сүйлөшүнүн жүрүшүндө америкалык тарап кыргыз тарапка жакынкы аралыкта бардык билим берүү программаларын калыбына келтирүү маселеси каралып жаткандыгын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий