• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Аманбаев АКШнын Демократия үчүн улуттук фондунун президенти менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. 19-ноябрда Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Демократия үчүн улуттук фондунун президенти Дэймон Уилсон менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушууга америкалык тараптан аталган фонддун аймактык программалар боюнча вице-президент Брайан Жозеф, Евразия боюнча башкы директору Мириам Ланской, программалык башкы адис, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын куратору Спаска Гатзинска катышышты.

Жолугушуу учурунда Б.Аманбаев Кыргызстандагы соңку жылдары ишке ашырылган Конституциялык реформа жана шайлоо мыйзамын өзгөртүүнүн маңызын түшүндүрүп, алдыда болуучу парламенттик шайлоо тууралуу суроолорго кеңири жооп берди. Бакыт Аманбаев ошондой эле Кыргызстан адам укуктарын сактоо, күчтүү жарандык коомду куруу, сөз эркиндигин сактоо жана башка демократиялык баалуулуктар боюнча Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин ичинен жалгыз демократиялуу өлкө экенин белгиледи.

Андан аркы сөзүндө элчи КРнын саясий жетекчилиги өлкөдө демократиялык институттарды бекемдөөгө, адам укугу жана демократия жаатында өлкөнүн эл аралык имиджин сактоого өзгөчө маани берип, ошондой эле алдыдагы парламенттик шайлоону болуп көрбөгөндөй таза жана адилеттүү өткөрүүгө бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын кошумчалады.

Д.Уилсон Кыргызстандагы фонддун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле кыргыз бийлигинин өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерин, мамлекетте орун алган маанилүү конституциялык реформалардын фонунда сактап калууга умтулуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Гатзинска NED КРнын коомундагы бардык прогрессивдүү күчтөрдүн жаркын жактоочусу жана колдоочусу болуп кала берэрин жана республиканын демократиялык институттарын чыңдоого мындан ары да колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Соңунда Б.Аманбаев жолугушуу учурунда оорун алган кеңири баарлашууга ыраазылыгын билдирип, кыргыз бийлиги өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген бардык маселелер боюнча фонд менен кызматташууга дайыма ачык экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий