• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Аманбаев АКШнын илим, билим чөйрөсүндө иштеген кыргызстандыктар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-июнунда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын илим, билим чөйрөсүндө иштеген кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Вирджиния шериктештик университетинин профессору Салтанат Либерт, Пенсильвания университетинин профессору Темирлан Молдогазиев, Джорджтаун университетинин бүтүрүүчүсү жана Евразия фондунун кызматкери Руслан Монолбаев, Америкалык мурастар мектебинин мугалими Акылай Байматова, Сэм Хьюстон университетинин кызматкери Улан Дакеев, Калифорниядагы стартап компаниясынын маалымат изилдөөчүсү Кайрат Сабыров, Harvestrolley компаниясынын Чикагодогу филиалынын директору, котормочу Мирланбек Нурматов катышышты.

Элчиликтин демилгеси менен өткөн бул жыйында билим берүү жаатында кыргыз-америка кызматташтыгын активдештирүүнүн зарылчылыгы жана жолдору, канткенде кыргызстандык студенттерди, окуучуларды жана илимпоздорду америкалык окуу жайларга көбүрөөк санда жөнөтүүгө жетишүү жана маданият, адабият жаатында кыргыз-америка алакасын чыңдоо боюнча олуттуу сунуштар айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында анын катышуучулары талкуу учурунда түшкөн сунуштардын негизинде АКШна барып окууну каалаган кыргызстандык студенттерге жана окуучуларга туура жол көсөтүү, аларга кандай программалар аркылуу кантип америкалык жогорку жана орто окуу жайларына тапшырууну үйрөтүү максатында бекер атайын видео лекциясын уюштуруу чечимин бир добуштан колдошту.

Ошондой эле бул жолугушууда учурда эң көп талап кылынып жаткан IT технология адистиги тармагында кыргызстандагы айрым окуу жайлардын студенттерине онлайн сабак өткөрүү пландаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий