• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Эстониянын АКШдагы элчилери Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүү жолдорун талкуулады

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев Эстония Республикасынын элчиси К.Прикк менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу учурунда элчи Б.Аманбаев Эстониянын IT тармагындагы ийгиликтерине жана калктын интернет колдонуу тажрыйбасына кызыгып, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун аталган тармактарды өнүктүү боюнча пландары менен тааныштырып, азыркы убакта кыргыз жаштарынын дүйнө жүзү боюнча аталган чөйрөдө ири ийгиликтерди жаратып жатканын маалымдады.

Элчи К.Прикк өз сөзүндө Эстония өкмөтүнүн соңку жылдары санариптик технологияны колдонуу жана IT технологиянын Software жана Hardware тармактарын өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетшүүсүнүн себебин аталган тармакты өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, бул багытта иш алып барган ишкерлерге жетишээрлик деңгээлде укуктук жана каржылык колдоо көрсөтүлүшү менен түшүндүрдү.

Ошондой эле ал учурда Эстония IT багытындагы адистерди даярдоого мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, жаңы өндүрүштөрдү ачып, ал тургай робортторду чыгаруу боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын кошумчалады. Жолугушуунун соңунда эки тарап аталган тармакта мамлекеттик деңгээлде тажрыйба алмашып, чогуу иш алып баруу боюнча макулдашты.

Маалымат үчүн: Эстония калкты интернет менен камсыздоо боюнча Европадагы алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет, ал эми калкынын 97,9% интернетке туташылган. Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү рейтингинде Эстония дүйнөнүн 142 өлкөсүнүн арасында 17-орунда турат, ал эми интернеттин ачыктыгы боюнча рейтингинде ишенимдүү түрдө алдыңкы орунду ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий