• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Элчи Арстанбаев БА боюнча Япониянын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Mирлан Арстанбаев Борбор Азия боюнча Япониянын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Ш.Токуда менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Япониядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, элчи Борбор Азия боюнча Япониянын Тышкы иштер министрлигин атайын өкүлү болуп дайындалган Ш.Токуданы жаңы кызматы орду менен куттуктап, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын мындан аркы бекемделишине үмүт артты.

Ш.Токуда куттуктоого ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташуну мындан ары дагы бекемдөөгө болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирген.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшундө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий