• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Элчи Арстанбаев Япония ТИМ башчысынын жаңы дайындалган парламенттик орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-ноябрында Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын тышкы иштер министринин жаңы дайындалган парламенттик орун басары Таро Хонда менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта Т. Хонда эки тараптуу мамилелер жогорку деңгээлде экендигин жана япон тарап алдыдагы 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоо таза жана адилеттүү өтөрүнө ишеничин билдирип, КР көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Андан кийин Т.Хонда ушул жылдын 2-ноябрында Глазго шаарында КР президенти Садыр Жапаровдун Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен болгон кыска жолугушуусуна токтолуп, тараптар эки өлкөнүн кызматташуу абалына оң баа берип, мындан ары да адам ресурстарын өнүктүрүү программасын улантуу маанилүү экенин белгилешкенин айтып кетти.

Элчи Арстанбаев Т. Хонданы кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жаңы форматтарда дагы активдүү улана тургандыгына ишеним билдирди.

2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жана бул шайлоо парламенттик системаны өнүктүрүүгө, мындан ары коом, демократиялык институттарды жана жалпыга таанылган баалуулуктарды орнотууга дагы бир кадам катары карала тургандыгын маалымдады.

Ошондой эле элчи Кыргызстандын шайлоо системасын техникалык камсыздоого жана өз убагында пандемия менен күрөшүүгө көрсөткөн жардамы үчүн Японияга ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыгында Арстанбаев мамлекет башчыларынын биринчи жеке жолугушуусу жана жогорку деңгээлдеги байланыштарды улантуу маанилүү экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий