• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Арстанбаев Япониянын Кансай аймагында жашаган мекендештер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Осака шаарында Япониянын Кансай аймагында жашаган мекендештер менен жолукту, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи кыргыз-япон кызматташуусун өнүктүрүү жана бекемдөө, анын ичинде инвестиция-экономикалык, маданий-гуманитардык, консулдук жана миграциялык чөйрөлөрдөгү милдеттерди аткаруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан элчиликтин иш-аракеттери жана Кыргызстандын жарандарын жумушка орноштуруу максатында Японияга тартуу боюнча элчиликтин демилгелери жөнүндө маалымат берди.

"Жолугушуунун катышуучулары өзүнүн жетишкендиктери жөнүндө кеп курушуп, аларды кызыктырган суроолорду беришти. Өз кезегинде М. Арстанбаев ар түрдүү маселелерди чечүү, мекендештерди бириктирүү жана алардын укуктарын коргоо үчүн тыгыз кызматташууну улантуу зарыл экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий