• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Арстанбаев Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 26-январында Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Таро Хонда менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Т. Хонда кыргыз тарапты куттуктап, Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Япониянын премьер-министри Фумио Кисиданын, ошондой эле Япониянын тышкы иштер министри Ёсимаса Хаясинин атынан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге даректелген куттуктоо каттарын тапшырды.

М. Арстанбаев өз кезегинде КР президенти С. Жапаровдун, Жогорку Кеңештин төрагасы Т. Мамытовдун, ошондой эле КР тышкы иштер министри Р. Казакбаевдин атынан кесиптештерине даректелген куттуктоо каттарын тапшырды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү боюнча жана юбилейлик датага карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Маалымат катары: Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. 2003-жылдын январында Бишкек шаарында Япониянын элчилиги, 2004-жылдын апрель айында Токио шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылган.

Пикир

Оставить комментарий