• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Арстанбаев «Japan Star Enterprises» компаниясынын директору менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Күн мурун, 27-майда Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев «Japan Star Enterprises» компаниясынын директору Кей Канаи менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүгү тууралуу талкуу жүргүздү. Тактап айтканда, «Japan Star Enterprises» компаниясынын өкүлдөрү заманбап тазалоочу курулмаларды ишке киргизүү чөйрөсүндө алдыңкы технологияларга ээ болгон компаниянын иши жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тереңирээк изилдөө максатында компаниянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасына иш-сапары менен келүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий