• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Б.Отунбаев Канаданын генерал-губернаторуна ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Болот Отунбаев Канаданын генерал-губернатору Жюли Пейеттке ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тапшыруу аземи 2020-жылдын 11-мартында Канаданын генерал-губернаторунун резиденциясында өттү.

Аземдин учурунда Ж.Пейетт эки өлкөнүн демократия жана парламентаризмге биргелешкен милдеттенмелерди баса белгилеп Кыргыз Республикасы жана Канаданын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун бекемделишине ниетин билдирди.

КР элчиси Б.Отунбаев Канада менен кызматташууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарында толук эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кыргыз тарап даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун алкагында Канадага тоо-кен өнөр жайы менен эле чектелбей, экономикалык кызматташтыктын багыттарын кеңейтүү сунушталды.

Тараптар ошондой эле, эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий