• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Элчи Байсалов Британиянын канышасы Елизавета II шырдак белек кылды

Саясат 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Лондондо Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов Британиянын канышасы Елизавета II ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Байсалов өзүнүн Facebook`дагы баракчасында билдирди.

Букингем сарайында өткөн салтанатта Эдил Байсалов Британиянын канышасына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жана жалпы кыргыз элинин жылуу каалоо-тилектерин жеткирди. Андан тышкары, элчи канышага кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн символу катары эсептелген шырдакты белек кылды.

Элчи канышага Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу маалымат берип, кыргыз тарап Улуу Британия менен эки тараптуу кызматташтыкка кызыкдар экендигин билдирген.

Каныша Елизавета II жаңы элчинин иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий