• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Элчи Байсалов Улуу Британиянын ТИМне ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиядагы элчиси Эдил Байсалов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол департаментинин директорунун орун басары Эбигейл Бойлга ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинен кабарлашкандай, тапшыруу маалында элчи Эдил Байсалов Улуу Британияга келген учурдагы жылуу кабыл алуу үчүн ыраазылык билдирип, өз миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-британ мамилесин мындан ары бекемдөөгө бардык аракетин жумшаарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий