• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Элчи Бактыбек Аманбаев кыргыз мектептеринде англис тилин терең окутуу маселесин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-августунда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Тынчтык корпусунун директорунун милдетин аткаруучу Кэрол Спан менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык, тактап айтканда, Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү боюнча ар тараптуу пикир алмашуу болду.

Элчи Аманбаев Тынчтык корпусунун 30 жылга жакын убакыттан бери Кыргызстанда мектеп окуучуларын, мугалимдерди англис тилине окутууга багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалап, алардын ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарын ортого салды.

Спан өз сөзүндө COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда Тынчтык корпусунун ыктыярчыларынын ишмердүүлүгү токтоп калгандыгына карабастан, алардын айрымдары виртуалдуу форматта иштеп жаткандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз жумушчу байланыштарды улантуу тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий