• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Бактыгулова Кытайдын айыл чарба министринин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова КЭРдин айыл чарба жана айыл иштери министринин орун басары Цюй Дунъюй менен жолугушуу өткөрдү. КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын жана ШКУ, БУУ жана башка уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттешүүнүн маселелерин талкуулашты.

К.Бактыгулова Кыргызстандын инвестициялык саясаты жана экспорттук потенциалы тууралуу айтып берип, айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорду берип, Кыргызстанга кызматташтык боюнча сунуштарды изилдөөгө КЭРдин Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин өкүлдөрүнүн сапарын уюштурууга үндөдү.

"Элчи 2019-жылдын июнь айында КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында айыл чарба тармагындагы жана КРнын айыл чарба азыктарын КЭРге экспорттоо боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулуусу жөнүндө белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Цюй Дунъюй айыл чарбанын алкагында илимий жана технология, кадрларды даярдоо, тамак аш коопсуздугу, мал чарбачылык, айлана чөйрөнү коргоо, айылдарды өнүктүрүү, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн оорулары менен күрөшүү тармактарында жана Түштүк-Түштүк кызматташтыгына көмөк көрсөтүүчү Фондусунун алкагында кызматташтыкты жандандырууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий