• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Бакыт Джусупов Венгриядагы кыргыз диаспоранын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Бакыт Джусупов кыргыз диаспоранын өкүлдөрү менен Будапешт шаарында жолугушту. Элчи учурдагы кыргыз-венгер мамилелеринин абалы, ал мамилелерди өнүктүрүүдөгү элчиликтин иш-аракеттери тууралуу айтып берди.

Диаспора өкүлдөрү Джусуповго өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, мекендештердин укуктарын коргоого багытталган өздөрүнүн демилгелери жөнүндө айтып беришти.

Бул жолугушуунун алкагында кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо тууралуу, паспорттук-визалык тейлөө жана нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө, келген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жарандык, үй-бүлөлүк иштерине укуктук жардам берүү тууралуу, консулдук каттоого туруу жөнүндө жана башка көптөгөн кеп кеңештер берилди.

Венгриядагы мекендештердин көпчүлүгү Будапешттин жогорку окуу жайларынын жаш студенттери болгондуктан, сапаттуу билим алышса, өздөрүнүн билимдерин мындан ары да өздөштүрүп, келечекте Кыргызстан өнүгүп-өсүшү үчүн пайдасы тие турган жарандар болоору талашсыз.

Бул контекстте элчи Венгриянын жогорку окуу жайларынын студенттери – жаш Кыргызстандыктар, келечекте эки элдин ортосун маданий жактан байланыштырган, ошол жарандар Кыргызстандын жана Венгриянын ортосундагы өнөктөштүк алаканы кеңейтүүгө жана бекемдөөгө зор салымын кошоорун баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий