• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Базарбаев Италия ТИМнин протокол кызматынын башчысына ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-июнунда Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин протокол кызматынын башчысы Иниго Ламбертиниге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМбин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, И. Ламбертини Т. Базарбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, резиденциясы Рим шаарында жайгашкан Италиядагы биринчи элчи кыргыз-италиялык мамилелеринин өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди. Ошол эле учурда И.Ламбертини элчиге анын жооптуу миссиясында ийгиликтерди каалады.

Жылуу маанайда кабыл алгандыгы жана каалоолору үчүн ыраазычылыгын билдирип, элчи Базарбаев эки тараптуу күн тартибин илгерилетүү максатында, эки достук мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерди тереңдетүү жана чыңдоо үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.

Тараптар кыргыз-италия мамилелеринине алкагындагы маселелерди, алардын ичинде эки тараптуу саясий жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле ар кандай тармактардагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий