• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Бейшембиев Пакистан Улуттук Ассамблеянын төрагасы Асад Кайсер менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. 2019-жылдын 22-ноябрында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Пакистан Улуттук Ассамблеянын төрагасы Асад Кайсер менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, Пакистан Улуттук Ассамблеянын төрагасы Асад Кайсердин Кыргызстанга боло турчу расмий сапары, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий