• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Элчи Бейшембиев Пакистандагы туристтик компаниянын директору менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Кечээ, 17-мартта Исламабад шаарында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев “DK Travels & Tours” туристтик компаниясынын директору Дилавар Хан менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы туризм жаатында кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды.

“DK Travels & Tours” компаниясынын өкүлү жакынкы аралыкта туристтик потенциалды изилдөө максатында Кыргызстанга келүү ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий