• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Элчи Бейшембиев пакистандык фармкомпаниянын директору менен кызматташтыктын келечегин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Исламабад шаарында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев "Salbion Health Sciences Private Ltd" фармацевтикалык компаниясынын башкы директору Мухаммад Акил Шариф мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар фармацевтика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн бир катар дары-дармектерди жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында пакистандык тарабы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө максатында жакынкы арада бизнес-сапар менен Кыргызстанга келүү ниетин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий