• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Элчи Бейшембиев Пакистандын Белужистан инвестициялык кеңешинин башкы директору менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Белужистан инвестициялык кеңешинин башкы директору Саид Ахмед Сарпра жана аймактык координатору Шумаил Захид менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өнүгүү жана айыл чарбасына, тоо-кен тармагына жана башка тармактарга инвестицияларды тартуу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Пакистан тарап Э.Бейшембиевди Белужистан провинциясына ардактуу конок катары келип кетүүгө чакырды. Ошондой эле кыргыз тарап Белужистандын өкүлдөрүн Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий