• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Эрик Бейшембиевдин Пакистандын президенти менен коштошуу жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-16-июлунда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиевдин Пакистандын президенти Ариф Алви жана Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Асад Кайзер менен коштошуу жолугушуулары өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Пакистандын президенти Ариф Алви, үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда болгон жолугушууда, жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын маанилүүлүгүн, соода жана маданият жаатында эки тараптуу кызматташууну чыңдоо зарылдыгын, Кыргызстан менен Тажикстандан Түштүк Азияга электр энергиясын экспорттоо боюнча CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга Пакистандын милдеттенмесин белгиледи. Ал Кыргызстандын элчисине эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Асад Кайзер ушул жылдын 16-июлунда элчи Э.Бейшембиев менен жолугушууда Пакистандын тышкы саясатында Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө фокус жасалып жаткандыгын баса белгилеп, парламенттер аралык мамилелер аркылуу активдүү кызматташууну сунуш кылды.

Элчи Э.Бейшембиев Пакистандагы дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө көрсөткөн колдоосу үчүн Пакистан тарапка ыраазычылыгын билдирди, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү келечегин, биргелешип өндүрүү жана товарларды ЕАЭБ жана ЕБ мейкиндигине экспорттоо максатында Кыргызстандын Пакистан инвестициялары үчүн потенциалын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий