• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Германиядагы элчи Абдылдаев жумушчу сапары менен Бавария федералдык жерине барды

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Германиянын федералдык жерлери менен кызматташтыкты чыңдоо ишинин алкагында 2021-жылдын 10-11-ноябрында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Бавария федералдык жерине жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Бавариянын администрациясында Бавариянын Европа жана эл аралык иштер боюнча мамлекеттик министри Мелани Хумль менен жолугушуу болду. Жолугушуу убагында элчи Абдылдаевдин сунушуна ылайык, бавариялык тарап кыргызстандык жаштарды кесиптик орто билим берүү жаатында жана Кыргызстандагы мектептерде жана жогорку окуу жайларда немис тилин колдоого даярдыгын билдирди.

Мамлекеттик министрдин айтымында, аталган ишти алып баруу үчүн тиешелүү жагдайлар бар. Андан тышкары, 2022-жылы Баварияда Кыргызстан менен Германиянын дипломатиялык алакаларынын түзүлүшүнүн 30 жылдыгына арналган маданий-гуманитардык жаатта биргелешкен иш-чараларды өткөрүү сүйлөшүлдү.

Кыргызстан менен Бавариянын экономикалык жаатта кызматташтыкты жигердетүү максатында Бавариянын экономика, жергиликтүү өнүгүү жана энергетика министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт менен жолугушуу өттү.

Анда Абдылдаев 2022-жылы Бишкекте кыргыз-герман бизнес-форуму өтөөрүн маалымдап, Вайгертти аталган форумга бавариялык ишкерлер менен кошо катышууга чакырды. Ошону менен бирге элчи кыргыз тараптын кайра калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты жигердетүү кызыкчылыгын белгиледи.

Роланд Вайгерт Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкчылыгын билдирип, 2022-жылы Кыргызстанга бавариялык ишкерлер менен барууга даярдыгын белгиледи.

Андан кийин элчи Германиянын саясий фонддору менен ишти алып баруунун алкагында Ханнс Зайдель атындагы Фонддун башкы катчысы Оливер Йорг менен жолугушту.

Белгилүү болгондой, аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 20 жылдан бери ийгиликтүү иш алып барат.

Элчи Э.Абдылдаев Фонддун ишмердүүлүгүндө Кыргызстанда профессионалдык билим берүү жаатында жигердүү иш алып барууну сунуштады.

Ошондой эле Абдылдаев иш сапардын алкагында Мюнхен шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугуп, пикир алмашышты. Ал кыргызстандыктарды 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий